# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 226 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорун дайындоонун чыгымдар сметасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 226 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорун дайындоонун чыгымдар сметасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 05.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19854>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-897/edition/362851/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19854.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 226 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорун дайындоонун чыгымдар сметасын бекитүү жөнүндө" токтому (05.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19854

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 5-сентябры № 226 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорун дайындоонун чыгымдар сметасын бекитүү жөнүндө 2011 жылдын 9-августундагы № 188 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл. Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Презилентинин Жарлыгына ылайык, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,11,12 пункттарын, 25-беренесинин 2.3,6.7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 2011-жылдын 9-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад. Нарын. Ысык-Көл. Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоого жана өткөрүүгө суммасы 4 120 800 (төрт миллион жүз жыйырма сегиз жүз) сомду түзгөн алдын ала чыгымдар сметасы (тиркелет) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын финансылык жана материалдык-техникалык бөлүмү бекитилген сметага ылайык финансы иштерин жүргүзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын өзүмдүн көзөмөлүмө калтырам

Төрага

Т.Абдраимов
