# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 25-августундагы № 194 "Шаардын мэрии шайлоонун тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 25-августундагы № 194 "Шаардын мэрии шайлоонун тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 194
- Кабыл алынган күнү: 25.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19823>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-869/edition/480507/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19823.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 25-августундагы № 194 "Шаардын мэрии шайлоонун тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (25.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19823

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-августу № 194 Шаардын мэрии шайлоонун тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №106 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобого төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

-6-пункт төмөндөгү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "шаардын мэрин шайлоону өткөрүү процедурасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шаардык кеңешинин регламентине ылайык ишке ашырылат"; -20-пункт төмөндөгү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт". -31-пункттагы "тийиштүү шаардык кеңештин" деген сөздөр "тийиштүү аймактык айлоо комиссиясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын. -33-пункт төмөндөгү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "протокол тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт". 2 Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 3 Ушул токтом тийиштүү шаардык кеңештердин депутатарына, аймактык шайлоо комиссияларына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлдөрүнө жеткирилсин. 4 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.К.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
