Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Шаардын мэрии шайлоонун тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 25-августу № 194 Шаардын мэрии шайлоонун тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №106 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобого төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
-6-пункт төмөндөгү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "шаардын мэрин шайлоону өткөрүү процедурасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана шаардык кеңешинин регламентине ылайык ишке ашырылат"; -20-пункт төмөндөгү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт". -31-пункттагы "тийиштүү шаардык кеңештин" деген сөздөр "тийиштүү аймактык айлоо комиссиясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын. -33-пункт төмөндөгү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "протокол тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт". 2 Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 3 Ушул токтом тийиштүү шаардык кеңештердин депутатарына, аймактык шайлоо комиссияларына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлдөрүнө жеткирилсин. 4 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.К.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы № 106 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби…Положение · 12.08.2011 · № 106 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы № 106 "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 12.08.2011 · № 106 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.