# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 24-ноябрындагы №187 "Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 24-ноябрындагы №187 "Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 187
- Кабыл алынган күнү: 24.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.03.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1980>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1899/edition/377215/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1980.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 24-ноябрындагы №187 "Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндө" Мыйзамы (11.03.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1980

---

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 11-мартындагы № 5 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары 2006-жылдын 24-ноябры № 187

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2006-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1980/st-1)

Контрафактылык товарлардын эсебин алууну өркүндөтүү, ошондой эле контрабандалык алп келүүнү жана жүгүртүүнү болтурбоо максатында товар- ларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо киргизилсин.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1980/st-2)

Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тизме боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин тармактык комитетинин макулдугу боюн- ча жүзөгө ашырылат. (КР 2009-жылдын 26-январындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1980/st-3)

Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоону колдонууга берүүнү, эсепке алууну жана контролдоону төмөнкүлөр жүзөгө ашырат:

- Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына алып келинген тизмеде

көрсөтүлгөн товарлар боюнча, - бажы иштери боюнча мамлекеттик орган;

- Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн тизмеде көрсөтүлгөн

товарлар боюнча, - салык кызматынын мамлекеттик органы. Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы товарларда контролдук (ла- тенттик) маркаларынын болушуна контролдукту ыйгарым укуктуу контролдоо- чу органдар жүзөгө ашырышат. (КР 2009-жылдын 26-январындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)

### [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1980/st-4)

Контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо товарларды өн- дүрүүчүлөр жана импорттоочулар тарабынан жүзөгө ашырылат. Товарларды сактоо, жасоо, сатып өткөрүү, эсепке алуу, контролдоо тартиби, ошондой эле аларды контролдук (латенттик) маркалар менен мар- кировкалоонун жол-жобосу, шарттары жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2009-жылдын 26-январындагы № 33 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)

### [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1980/st-5)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүүнү камсыз кылсын жана аны жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрсүн.

### [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1980/st-6)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчү- нө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
