Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Ш.Аземкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарымдарын токтотуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 17-августу № 148 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Ш.Аземкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарымдарын токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Ш.Аземкуловдун 2011-жылдын 15-августундагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берген арызын карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 9-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Ш.Аземкуловдун Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комисспясынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 28 токтому менен катталган төмөндөгү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарымдары токтотулсун: -Бейшеева Канымбүбү Жумабаевна, 1960-жылы туулган; -Султанкулов Ильичбек Жандарбекович, 1983-жылы туулган.
2. Бейшеева Канымбүбү Жумабаевнага жана Султанкулов Ильичбек Жандарбековичке 2011-жылдын 15-июлунда берлиген № 1 жана № 2 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президептинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 15-июлу № 28 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер…Постановление · 15.07.2011 · № 28
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62