# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 22-ноябрындагы №184 "Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 22-ноябрындагы №184 "Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1977>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1896/edition/285232/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1977.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 22-ноябрындагы №184 "Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы (22.11.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1977

---

Бишкек шаары

2006-жылдын 22-ноябры № 184

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

"Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана

толуктоо киргизүү тууралу

2006-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1977/st-1)

"Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-

замына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4,

159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 12-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү, ушул статьянын

2 жана 3-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, менчиктештирүү

усулдарынын бири менен жүргүзүлөт.".

2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-статья менен толукталсын:

"12-1-статья. Муниципиалдык мүлктү менчиктештирүү усулдары

1. Муниципиалдык мүлктү менчиктештирүү төмөнкү усулдар менен

жүзөгө ашырылат:

- аукциондо сатуу;

- конкурста сатуу;

- кийин сатып алуучу башкарууга берүү;

- кийин сатып алуучу ижарага өткөрүп берүү;

- чарбалык шериктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына са-

лым катары кошуу.

2. Муниципиалдык мүлктү менчиктештирүү усулдарын колдонуу Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарында

каралган тартипте жүргүзүлөт.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1977/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти К.Бакиев
