# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 22-ноябрындагы № 182 "Мамлекеттик тилдеги Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 22-ноябрындагы № 182 "Мамлекеттик тилдеги Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 182
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1975>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1894/edition/855563/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1975.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 22-ноябрындагы № 182 "Мамлекеттик тилдеги Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1975

---

КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 22-ноябры №182

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Мамлекеттик тилдеги Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1975/st-1)

Мамлекеттик тилдеги Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 237-статья "жосундар" деген сөздөн кийин "байкабастыктан" деген

сөз менен толукталсын.

2. 255-статьяда:

статьянын аталышындагы "арналыштагы" деген сөз "багыттагы" деген сөз менен алмаштырылсын; 1-бөлүктө:

- бөлүк "медициналык" деген сөздөн кийин "багыттагы" деген сөз ме-

нен толукталсын;

- "иштин" деген сөз "ишмердиктин" деген сөз менен алмаштырылсын.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1975/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
