# 1-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын аткаруу иши жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1974)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 20-ноябрындагы № 181 "Кыргыз Республикасынын аткаруу иши жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1974/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1893/edition/769318/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1974/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын аткаруу иши жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө, 1-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1974/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын аткаруу иши жөнүндө жана соттук аткаруучу- лардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес- публикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 160-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. Мамлекеттик тилдеги Мыйзамдын аталышындагы жана бүткүл текстин-

деги ар түрдүү жөндөмөдөгү "аткаруу иши" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "аткаруу өндүрүшү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Мыйзамдын аталышындагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр

"Кыргыз Республикасындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 1-статьядагы "менен арбитраждык соттордун" деген сөздөр алып

салынсын.

4. 3-статьядагы ", арбитраждык" деген сөз алып салынсын.

5. 12-статьянын 1-пунктунун 3-пунктчасы төмөндөгүдөй мазмундагы

сүйлөм менен толукталсын: "Банктык жашыруун сырды камтыган маалыматтар- ды түзгөн маалыматтарды жана маалымкаттарды талап кылган учурда мындай маалыматтарды талап кылуу укугу сот актысында көрсөтүлүүгө тийиш;".

6. 18-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасындагы ", арбитраждык сот-

тордуку - алты айдын ичинде" деген сөздөр алып салынсын.

7. 28-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Аткаруу өндүрүшүн токтото туруу жана токтотуу жалпы юрисдикци- янын соту тарабынан иштин сотко караштуулугуна ылайык, аткаруу докумен- ти аткарыла турган жерде жүргүзүлөт.".

8. 61-статьянын 2-пунктундагы "камак салууну каттоо жөнүндө сунуш-

ту кыймылсыз мүлктү каттоо органына жөнөтөт, ошондой эле бул тууралу кыймылсыз мүлк турган жердеги нотариалдык конторага маалымдайт" деген сөздөр "аны каттоо үчүн камак салынгандыгы жөнүндөгү токтомду кыймылсыз мүлктү каттоо органына жөнөтөт, ошондой эле камак салынгандыгы тууралу кыймылсыз мүлк турган жердеги нотариалдык конторага кабарлайт." деген сөздөр менен алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1974/st-2)
