# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19738>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-786/edition/363996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19738.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-августундагы № 107 "Кыргыз Республикасынын шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (12.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19738

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 12-августу № 107 Кыргыз Республикасынын шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 43-беренесинин 3-бөлүгүнө, 65-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, шаарлардын мэрлеринин кызмат ордуна бош орундардын түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын шаарларынын мэрлерин шайлоо 2011-жылдын 27-августуна дайындалсын (тиркелет).

2. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоону өткөрүүнү уюштурсун.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
