# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 10-августундагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо үчүн атайын кагаздардын коргоо даражасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 10-августундагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо үчүн атайын кагаздардын коргоо даражасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 10.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19727>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-775/edition/363974/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19727.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 10-августундагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо үчүн атайын кагаздардын коргоо даражасын бекитүү жөнүндө" токтому (10.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19727

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 10-августу № 96 Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо үчүн атайын кагаздардын коргоо даражасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тыгыздыгы 80 гр, кызыл, жашыл коргоочу жипчелери жарыкта көрүнгөн, көгүлтүр, саргыч жарыкта көрүнбөй ультрафиолетте чагылдырылганда кө- рүнгөн, жекече эксклюзивдик белгилери күндүн жарыгында көрүнүп, "КР БШК" жазуусу улам кайталанып турган атайын кагаздын коргоо даражасы бекитилсин.

2. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
