# 8-статья. Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдарынын бөлүктөрүнүн кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияларын жогорулатуу

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 8-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-8

---

1. Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдарынын бөлүктөрүнүн кызматкерлерин кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо (квалификациясын алмаштыруу) жана квалификацияларын жогорулатуу улуттук коопсуздук органынын билим берүүчү мекемелеринде жана эл аралык келишимдер менен макулдашуулардын негизинде чет мамлекеттердин профилдик окуу жайларында жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарынын бөлүктөрүнүн кызматкерлерин даярдоо, кайра даярдоо (квалификациясын алмаштыруу) жана квалификациясын жогорулатуу үчүн, республикалык бюджетте ошол мамлекеттик органдардын ишин каржылоо үчүн каралган каражаттын чегинде, республикалык бюджеттен каржы каражаттары бөлүнүп берилет. Окутуп үйрөтүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен да жүргүзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-9)
