# 52-статья. Террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасаган же жасалышына шектүү адамдарды өткөрүп берүү маселелеринде эл аралык кызматташуу

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2011 года № 148 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии терроризму""](https://aqlex.ai/kg/doc/203388)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971#diff=1174346..1174347>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 52-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-52

---

1. Терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайыкэл аралык милдеттенмелерди аткарууну көздөп жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасаган же жасалышына шектүү адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө башка мамлекеттердин суроо-талаптарын карайт жана чечет.

2. Инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыктарын жетекчиликке алып, терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өзүнүн аймагында, анын ичинде террористтик мүнөздөгү кылмыштар Кыргыз Республикасынан тышкаркы жактарда пландалса, болбосо өткөрүлсө, бирок Кыргыз Республикасына зыян келтирип жатса, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган жана башка учурларда террористтик ишке катышы бар адамдарды куугунтукка алат.

3. Террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасаган же жасады деп шек саналган, Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаган четөлкө жаранын же жарандыгы жок адамды башка мамлекетке өткөрүп берүүдөн баш тартылган учурда, мындай адам Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган негиздерде жана тартипте жаза жоопкерчилигине тартылууга жатат.

4. Террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасаган же жасады деп шек саналган адамга качкын деген статусту берүү, аны башка мамлекетке өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүчтү четке кагыш үчүн негиз болуп эсептелбейт.

5. Качкын статусун бергенге чейин, Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары башпаанек издеп жүргөн адамдар террористтик мүнөздөгү кылмышты пландабаганына, ага көмөк көрсөтпөгөнүнө жана анын жасалышына катышпаганына ынаныш максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык укуктун тиешелүү жоболоруна ылайык керектүү чараларды көрүүнү камсыз кылат.

6. Террористтик ишти жасоого катышып жүрөт (катышкан) же анын жүзөгө ашырылышына көмөк көрсөтүүдө (көмөк көрсөткөн) деген шектенүүгө негиз бар болсо, мындай адамга башпаанек жана качкын статусу берилбейт.

(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-51)  
Кийинки берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-53)
