# 5-статья. Ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын компетенциясы жана негизги милдеттери

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 декабря 2013 года № 225 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии терроризму""](https://aqlex.ai/kg/doc/205103)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.12.2013 [Закон КР от 27 декабря 2013 года № 225 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии терроризму""](https://aqlex.ai/kg/doc/205103); 26.07.2011 [Закон КР от 26 июля 2011 года № 148 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии терроризму""](https://aqlex.ai/kg/doc/203388); 06.02.2009 [Закон КР от 6 февраля 2009 года № 39 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203107)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971#diff=1174348..1174349>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 5-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-5

---

1. улуттук коопсуздук органы:

- террористтик актылардын алдын алуу, аларды айкындоо жана аларга бөгөт коюу, ошондой эле террористтик актыларды даярдоого жана ишке ашырууга көмөктөшүүчү себептерди жана шарттарды айкындоо жана четтетүү боюнча алардын иш-аракеттеринин макулдаштыгына жетишүү максатында терроризмге каршы аракетти жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын иштерин координациялайт. улуттук коопсуздук органыТөрагасы мамлекеттик органдардын ишин координациялоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

- террористтик мүнөздөгү кылмыштарды, анын ичинде саясий максатты көздөгөн кылмыштарды алдын алуу, айкындоо жана бөгөт коюу жолу менен, ошондой эле эл аралык террористтик иштин алдын алуу, аларды айкындоо жана аларга бөгөт коюу аркылуу терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине ылайык мындай кылмыштар жөнүндөгү кылмыш иштери боюнча тергөө жүргүзөт;

- террористтердин, террористтик уюмдардын (топтордун) иши жөнүндө маалымат чогултууну жана анализдөөнү жүзөгө ашырышат, алардын улуттук коопсуздукка туудурган коркунуч даражасына баа берет, тийиштүү министрликтер менен ведомстволорго зарыл болгон маалыматтарды берет;

- өзүнүн ишинин түрү боюнча мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды ала алган жана Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле анын чегинен тышкаркы мамлекеттик бийлик органдарынын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;

- тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкаркы Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү объекттерин жана мамлекеттик мекемелерин, ошондой эле бул объекттер менен мекемелердин кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоону камсыз кылышат;

- чет мамлекеттердин тийиштүү органдары жана атайын кызматтары, ошондой эле эл аралык уюмдары менен эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө кызматташышат;

- террористтерди же террористтик уюмдарды (топторду) айкындоо, зыянсыздоо жана жок кылуу боюнча террорго каршы бөлүктөрдүн ишин уюштурууну камсыз кылат;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. улуттук коопсуздук органытөмөнкүдөй негизги милдеттерди чечет:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негиздерин жана терроризмдин пайда болушуна жана террористтик ишти жүзөгө ашырууда көмөктөшкөн себептерди жана шарттарды айкындоо жана четтетүү боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштарды иштеп чыгат;

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы террористтик иштин абалы жана тенденциялары жөнүндө маалымат чогултууну жана анализдөөнү жүзөгө ашырат;

- террорго каршы операцияларды пландаштыруу, уюштуруу жана жүргүзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

- терроризмге каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгышат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;

- терроризмге каршы аракеттенүү жаатында эл аралык келишимдерин даярдоого катышышат;

- терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык келишимдердин чегинде кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат.

3. Жогоруда аталган компетенцияларды жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн улуттук коопсуздук органынын алдында Террорго каршы борбор түзүлөт.

улуттук коопсуздук органынын Террорго каршы борборунун иши, ыйгарым укуктары жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жободо аныкталат. (КР 2009-жылдын 6-февралындагы № 39, 2011-жылдын 26-июлундагы № 148, 2013-жылдын 27-декабрындагы № 225 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-6)
