# 45-статья. Террористтик ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн уюмдардын жоопкерчилиги

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 45-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-45

---

1. Уюм соттун чечиминин негизинде террористтик деп таанылат жана жоюлууга тийиш.

Сот тарабынан чет өлкөлүк же эл аралык уюмду (анын бөлүмүнүн, филиалын, өкүлчүлүгүн) террористтик деп таанууга чет мамлекет тарабынан эл аралык келишимдин негизинде же эриш -аркак шарттарында уюмдун террористтик ишке катышы бар экендигин ырастаган материалдар болсо негиз болот.

2. Сот тарабынан чет өлкөлүк же эл аралык уюм (анын бөлүмү, филиалы, өкүлчүлүгү) террористтик деп таанылган учурда мындай уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишине тыюу салынат, ал эми анын бөлүмү, филиалдары, өкүлчүлүктөрү жоюлат, көрсөтүлгөн уюмдарга таандык, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мүлкү конфискацияланып жана соттун чечими боюнча мамлекеттин кирешесине айландырылат.

Террористтик уюмдун тикелей же кыйыр башкаруусунда турган мүлк менен бирге, ошондой эле анын кызыкчылыгы үчүн башкарылуучу жана пайдаланылуучу башка мүлк дагы конфискацияланууга тийиш.

3. Террористтик иши үчүн уюмду жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү арыз Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары тарабынан сотко жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-44)  
Кийинки берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-46)
