# 44-статья. Террористтик ишке катышкандыгы үчүн адамдардын жоопкерчилиги

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 44-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-44

---

1. Террористтик ишке күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жазык жоопкерчилигине тартылышат.

2. Ырастоочу жана уруксат берүү мүнөзүндөгү документтерди ыйгаруу жолу менен легалдаштырууга көмөк көрсөткөн, ошондой эле террористтик уюмдардын (топтордун) мүчөлөрүнө тикелей же кыйыр түрдөгү ар кандай жардам көрсөткөн адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.

3. Террористик актыны даярдоого катышкан адам, эгерде мамлекеттик органдарды өз убагында эскертүү же дагы башка жолдор менен террористик актыны четтетүүгө жардам берсе жана анын иш-аракетинде эгерде башка кылмыштын курамы болбосо жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

---

Мурунку берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-43)  
Кийинки берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-45)
