# 40-статья. Иштеген жылдарды жеңилдик берүү менен эсептөө

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 40-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-40

---

1. Терроризм менен күрөштү тикелей жүзөгө ашырууда (ашырган) мамлекеттик органдардын бөлүмдөрүндө кызмат өтөп жаткан (өтөгөн) аскер кызматчыларына жана кызматкерлерге пенсияларды дайындоо үчүн иштеген жылдарына (эмгек стажына) төмөндөгүлөр кошулуп эсептелинет:

- бир күн кызмат өтөгөндүгү үчүн бир жарым күн;

- бийик тоолуу райондордо жана ага теңештирилген жерлерде бир күн кызмат өтөгөндүгү - эки күн үчүн;

- террорго каршы операция жүргүзүүгө катышкан учурда бир күн кызмат өтөгөндүгү - үч күн катары эсептелинет, ал эми кызмат акысына элүү пайыз өлчөмүндө кошумча акы белгиленет.

2. Террорго каршы операцияны жүргүзүүгө тартылган адистерге жана башка адамдарга пенсия дайындоо үчүн бир күн катышкандыгы иш стажына үч күн катары эсептелинет.

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-41)
