# 39-статья. Терроризм менен күрөшүүгө катышкан, укуктук жана социалдык жактан корголууга тийиш адамдар

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 39-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-39

---

Терроризм менен күрөшүүгө катышкан адамдар мамлекеттин коргоосунда турат. Укуктук жана социалдык жактан төмөндөгүлөр корголууга тийиш:

- Кыргыз Республикасынын терроризм менен тикелей күрөшкө катышып жаткан (катышкан) мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары, кызматкерлер жана адистер (тизмеси терроризмге каршы аракеттенүүнү ишке ашыруучу мамлекеттик органдар менен макулдашылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет);

- туруктуу же убактылуу негизде мамлекеттик терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу органдарга жардам иретинде террористтик иштин алдын алууга, аны айкындоого, бөгөт коюуга жана кесепеттерин минималдаштырууга көмөк көрсөткөн адамдар;

- террористтик иштин алдын алууга, аны айкындоого жана бөгөт коюуга жардамы тийчү маалымат, террористтик иш жөнүндө жана башка ар кандай жагдайлар жөнүндө маалымат билдирген адамдар;

- эгерде саналып өткөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоону камсыз кылуунун зарылдыгы алардын терроризм менен күрөшкө катышуусунан улам болсо, ушул статьянын үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтарында саналып өткөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү.

---

Мурунку берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-38)  
Кийинки берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-40)
