39-статья. Терроризм менен күрөшүүгө катышкан, укуктук жана социалдык жактан корголууга тийиш адамдар
Күчүн жоготкон · 04.07.2022 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 4 июля 2022 года № 55.
Терроризм менен күрөшүүгө катышкан адамдар мамлекеттин коргоосунда турат. Укуктук жана социалдык жактан төмөндөгүлөр корголууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын терроризм менен тикелей күрөшкө катышып жаткан (катышкан) мамлекеттик органдарынын аскер кызматчылары, кызматкерлер жана адистер (тизмеси терроризмге каршы аракеттенүүнү ишке ашыруучу мамлекеттик органдар менен макулдашылат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет);
- туруктуу же убактылуу негизде мамлекеттик терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу органдарга жардам иретинде террористтик иштин алдын алууга, аны айкындоого, бөгөт коюуга жана кесепеттерин минималдаштырууга көмөк көрсөткөн адамдар;
- террористтик иштин алдын алууга, аны айкындоого жана бөгөт коюуга жардамы тийчү маалымат, террористтик иш жөнүндө жана башка ар кандай жагдайлар жөнүндө маалымат билдирген адамдар;
- эгерде саналып өткөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоону камсыз кылуунун зарылдыгы алардын терроризм менен күрөшкө катышуусунан улам болсо, ушул статьянын үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтарында саналып өткөн адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү.
Берененин тексти 04.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1971/st-39" title="39-статья - Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>