# 38-статья. Террористик актынын кесепетинен жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан калыбына келтирүү

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 38-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-38

---

1. Террористик актынын кесепетинен жабыр тарткан адамдарды, ошондой эле ушул Мыйзамдын 39-статьясында саналган адамдарды социалдык жактан калыбына келтирүү, көрсөтүлгөн адамдарга нормалдуу турмуш-тиричилигин кайтарып берүү максатында республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт жана мындай жардам бекер укуктук жардам берүүнү, психологиялык, медициналык, кесиптик жагынан калыбына келтирүүнү, ишке орноштурууну жана зарыл учурларда ыңгайлуу турак жай жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган дагы башка жардам берүүнү өзүнө камтыйт.

2. Террористик актынын кесепетинен жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан калыбына келтирүүнү ишке ашыруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

(КР 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [371-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-371)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-39)
