# 37-статья. Террористтик актынын натыйжасында же террористтик ишке бөгөт коюуда келтирилген зыяндын ордун толтуруу

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 августа 2016 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере противодействия терроризму и экстремизму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111441)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971#diff=1174349..1174350>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 37-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-37

---

1. Мамлекет террористтик актынын натыйжасында зыян келтирилген жеке жана юридикалык жактарга компенсациялык төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.

Террористтик актынын натыйжасында келтирилген моралдык зыянды кошо алганда, зыяндын ордун толтуруу жарандык сот өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте террористтик актыны жасаган адамдын каражаттарынын жана мүлкүнүн эсебинен жүзөгө ашырылат. Мындан тышкары зыяндын ордун толтуруу анын жакын туугандары, туугандары жана башка адамдары акчаны, баалуулуктарды жана башка мүлктү террористтик иштин жыйынтыгында алды жана (же) мындай мүлктөн түшкөн киреше деп саноого жетиштүү негиздер болгондо алардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Террористтик актынын натыйжасында жарандардын өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талапка доонун эскириши жайылтылбайт. Террористтик актынын натыйжасында мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптар боюнча доонун эскирүү мөөнөтү көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартуу мөөнөтүнүн эскиришинин чегинде белгиленет.

2. Террористтик ишке бөгөт коюуда келтирилген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Террористтик ишке бөгөт коюуда террористтик иш менен алектенген адамдын ден соолугуна жана мүлкүнө укук ченемдүү иш-аракеттер менен келтирилген зыяндын, ошондой эле бул адамдын өлүмүнө алып келген зыяндын орду толтурулбайт.

(КР 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-36)  
Кийинки берене: [371-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-371)
