# 34-статья. Террористик акт тууралу коомчулукка маалымдоо

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 34-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-34

---

1. Террорго каршы операция жүргүзүү учурунда террористик акт жөнүндө коомчулукка маалымат берүү террорго каршы операцияны жетектөө боюнча оперативдүү штабдын жетекчиси же ошол штабдын коомчулук менен байланышып туруучу жооптуу өкүлү тарабынан аныкталган формаларда жана көлөмдө жүзөгө ашырылат.

2. Төмөндөгүдөй маалыматты жайылтууга жол берилбейт:

- террорго каршы операцияны жүргүзүүдө атайын техникалык ыкмаларды жана тактиканы ачыкка чыгаруучу;

- террорго каршы операция жүргүзүүнү кыйындаткан жана террорго каршы операция жүргүзүлүүчү зонада калган же ошол зонанын чегинен тышкары жердеги адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү;

- терроризмдин пропагандалоого же актоого кызмат кылуучу;

- террорго каршы операция жүргүзүлүп жатканда аны башкаруу боюнча оперативдүү штабдын атайын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, анын мүчөлөрү жөнүндө, ошондой эле көрсөтүлгөн операцияны жүргүзүүгө көмөк көрсөткөн адамдар жөнүндө.

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-35)
