# 33-статья. Террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 33-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-33

---

1. Террорго каршы операция жүргүзүү учурунда адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, материалдык байлыкты сактоо, ошондой эле террористик актыга бөгөт коюу мүмкүнчүлүгүн иликтөө максатында террористтер менен сүйлөшүү жүргүзүүгө уруксат берилет.

Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө оперативдүү штабдын жетекчиси тарабынан ушул ишке атайын ыйгарым укук ыйгарылган адамга гана уруксат берилет.

2. Террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн учурда алардын террористик актыны токтотушуна шарт катары кандай гана адам болбосун аны террористтерге берүү, колдонулушу адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтириши мүмкүн болгон курал-жаракты, жана башка каражаттарды жана буюм-заттарды берүү жөнүндөгү маселелер, ошондой эле террористтердин саясий талаптарын аткаруу жөнүндөгү маселелер каралбашы керек.

3. Террористтер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аларды жасаган жорук-жосуну үчүн жоопкерчиликтен бошотууга негиз же шарт боло албайт.

4. Барымтага алынгандарды бошотуу жана террористтердин ыктыярдуу түрдө бийликтерге колго түшүп бериши аларды жасалган жорук -жосун үчүн жоопкерчиликтен бошотууга негиз же шарт катары кызмат кылышы мүмкүн эмес, бирок жасалган кылмыш үчүн жазаны жеңилдетүүчү жагдай катары каралат.

5. Эгерде террорист (террористтер) менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө анын (алардын) террористик актыны токтотууга макул болбогондугунан улам сүйлөшүүлөр максатына жетпесе жана адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна реалдуу коркунуч дале болсо сакталып турса оперативдүү штабдын жетекчиси террористи (террористтерди) жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алууга акысы бар.

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-34)
