# 31-статья. Террорго каршы операцияны жүргүзүү учурунда пайдаланылуучу күчтөр жана каражаттар

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2011 года № 148 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии терроризму""](https://aqlex.ai/kg/doc/203388)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971#diff=1174346..1174347>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 31-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-31

---

1. Террорго каршы операцияны жүргүзүү үчүн, ушул Мыйзамдын 4-статьясына ылайык, терроризмге каршы аракеттенүүгө катышкан мамлекеттик органдардын зарыл күчтөрүн жана каражаттарын тартууга оперативдүү штабдын укугу бар.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары зарыл учурларда террорго каршы операцияны жүргүзүү үчүн каржылык жана материалдык-техникалык каражаттарды бөлүп берет.

3. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдергеылайык зарыл учурларда террористик актыга бөгөт коюу үчүн чет мамлекеттердин атайын дайындалган бөлүктөрү, ошондой эле абадан жана космостон байкоо жүргүзүүчү атайын техникалык каражаттары тартылышы мүмкүн.

4. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде же суу объектилериндеги террористик актынын коркунучун четтетүү максатында, ошондой эле ушундай террористик актыга бөгөт коюу үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана шарттарда куралды жана аскердик техниканы колдонот.

(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-32)
