# 28-статья. Террорго каршы операцияны жүргүзүүнүн шарттары

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 декабря 2013 года № 225 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии терроризму""](https://aqlex.ai/kg/doc/205103)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971#diff=1174348..1174349>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 28-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-28

---

1. Террорго каршы операция, эгерде ага башка күчтөр же ыкма менен бөгөт коюу мүмкүн болбосо, террористтик актыны токтооту үчүн жүргүзүлөт.

2. Террористтик коркунучтун деңгээлдерин жана террорго каршы операциянын мыйзамдык режимин киргизүү жана жокко чыгаруу жөнүндө, ошондой эле террорго каршы операциянын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынын Террорго каршы борборунун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органынын жетекчиси же болбосо анын көрсөтүүсү боюча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органынын башка кызмат адамы кабыл алат.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана зарыл болгондо – башка кызмат адамдарына террордук коркунучтун денгээли жана террорго каршы операциянын укуктук режими киргизилгендиги жөнүндө, ошондой эле анын чектеринде террорго каршы операция жүргүзүлүп жаткан аймак жөнүндө кабарлайт.

(КР 2013-жылдын 27-декабрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-29)
