# 27-статья. Жеке же юридикалык жактардын террористтик ишине же анын ишине колдоо көрсөтүүгө пайдаланылуучу, болбосо террористтик иштин натыйжасында алынган мүлкүн конфискациялоо

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 27-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-27

---

1. Террористтик ишке же анын ишине колдоо көрсөтүүгө пайдаланылуучу, болбосо террористтик иштин натыйжасында алынган мүлк соттун чечими боюнча мажбурлоо жолу менен биротоло алып (конфискацияланууга) коюлууга жатат.

2. Конфискациялоо жол-жобосу Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик, жарандык-процесстик же административдик-процесстик мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

Конфискациялоого:

- террористтик ишти жүзөгө ашыруунун натыйжасында алынган, ошондой эле ошол мүлктү пайдалануудан алынган киреше жана башка пайдалар;

- аны пайдалануу менен террористтик мүнөздөгү кылмыш жасалган же террористтик мүнөздөгү кылмышты жасагандык үчүн акы төлөө иретинде алынган;

- террористтик мүнөздөгү кылмышты жасоого тикелей же кыйыр түрдө көмөк көрсөтүү үчүн пайдаланылган;

- террористтердин же террористтик уюмдардын (топтордун) тикелей же кыйыр башкаруусунда же контролдугунда турган;

- террористтер, террористтик топ же террористтик уюм тарабынан чогулуш өткөрүү, пропаганда жүргүзүү, террористтик мүнөздөгү кылмыш жасалуучу каражаттарды сактоо боюнча имарат-жайда же башка жерде сакталып турган же алар тарабынан башка мыйзамсыз максаттар үчүн пайдаланылуучу мүлктөр кирет.

3. Ушул статьянын негизинде конфискацияланган мүлктү сатып өткөрүүнүн жана ушундай мүлктү сатып өткөрүүдөн түшкөн каражаттарды пайдалануунун, анын ичинде жабыр тарткандар учураган чыгымдын ордун толтуруунун тартиби, ошондой эле ушул максат үчүн ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-26)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-28)
