# 20-статья. Террористтик иштин алдын алуу

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 мая 2017 года № 82 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111590)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.05.2017 [Закон КР от 13 мая 2017 года № 82 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/111590); 29.05.2013 [Закон КР от 29 мая 2013 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203891)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971#diff=1174350..1174351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 20-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-20

---

1. Террористтик иштин алдын алуу терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдар тарабынан саясий, социалдык-экономикалык, укуктук жана башка профилактикалык иш-чаралар комплексин жүргүзүү жолу менен ишке ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- террористтик ишке катышы бар юридикалык жактарды, алардын бөлүмдөрүн (филиалдарын) жана өкүлчүлүктөрүн (анын ичинде чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын) түзүүгө, каттоого (аккредитациялоого);

- терроризмди пропагандалоого байланышкан ишке;

- террористтик ишти жүзөгө ашыруу үчүн адамдарды үйрөтүүгө жана даярдоого;

- террористтик ишке катышкан же ага катышы бардыгы жагынан шек туудурган адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө, чыгып кетүүсүнө же транзит аркылуу өтүүсүнө;

- даярдалып жаткан же жасалган террористтик актылар жөнүндөгү маалыматтарды жана фактыларды жашырып-жабууга;

- террористтик иштин башка түрлөрүнө жана формаларына.

3. Улуттук коопсуздук маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан террористтик деп таанылган уюмдардын (юридикалык жактардын, алардын бөлүмдөрүнүн (филиалдарынын) жана өкүлчүлүктөрүнүн), алардын ичинде чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдардын бирдиктүү тизмесин жүргүзөт. Көрсөтүлгөн тизме мезгилдүү басылмаларга, ошондой эле мамлекеттик органдардын расмий сайттарында жыл сайын жарыялоого жатат.

4. Террористтик иш жөнүндө маалыматтарды топтоо, жалпылоо, талдоо жана болжолдоо, ошондой эле ага каршы аракеттенүү боюнча илимий жактан негизделген айрым иш чараларды иштеп чыгуу үчүн улуттук коопсуздук органы Террорго каршы борборунун базасында терроризмге каршы аракеттенүү проблемалары боюнча ведомстволор аралык маалыматтар банкы түзүлөт.

5. Террористтик актыларга шайкеш реакция кылуу жана каршы аракеттенүү, терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана оперативдүү өз ара аракеттенүүнү уюштуруу максатында, ошондой эле террористтик мүнөздөгү маалыматты кабыл алуу жана иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Террорго каршы борборунун түзүмүндө тийиштүү имарат жайы, техникалык каражат менен жабдылган жана туруктуу кызматкерлеринен турган республикалык "кырдаал борбору" түзүлөт.

Кырдаал борбору жашыруун объект болуп саналат, ошондуктан ага кирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

6. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматына террорго каршы иш боюнча бардык болгон материалдарды өткөрүп беришет.

(КР 2013-жылдын 29-майындагы № 83, 2017-жылдын 13-майындагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-21)
