# 2-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүнүн негизги принциптери жана максаттары

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 2-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-2

---

1. Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүү төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

- адамдын жана жарандын негизги укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу жана коргоо;

- мыйзамдуулук;

- террористтик актынын натыйжасында коркунучка туш болгон адамдардын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун артыкчылыгы;

- терроризмдин алдын алуу чараларынын артыкчылыгы;

- террористтик ишти жүзөгө ашыруу үчүн жазанын айныгыстыгы;

- алдын алуучу, укуктук, саясий, социалдык-экономикалык, маалыматтык-пропагандалык, атайын жана терроризмге каршы аракеттенүүнүн башка чараларын комплекстүү пайдалануу;

- терроризмге каршы күрөштүн ачык жана ачык эмес ыкмаларын айкалыштыруу;

- террористтер үчүн саясий жактан чегинүүгө жол берилбестик;

- террорго каршы операцияларды жүргүзүүдө тартылган күчтөргө жана каражаттарга жетекчилик кылуудагы жеке башкаруу;

- террорго каршы операциялар жүргүзүүнүн техникалык ыкмаларын жана тактикасын учкай айтуу, ошондой эле ушундай операциялардын катышуучуларынын курамынын купуялуулугу;

- терроризмге каршы аракеттенүүдө мамлекеттин, коомдук жана диний бирикмелер жана уюмдар, жарандар менен кызматташтыгы;

- терроризмге каршы аракеттенүүдө эл аралык кызматташтыкты ар кандай чөйрөлөрдө жана формаларда уюштуруу жана жүзөгө ашыруу.

2. Кыргыз Республикасында терроризмге каршы аракеттенүүнүн максаттары:

- инсанды, коомду жана мамлекетти терроризмден коргоо;

- терроризмдин келип чыгышына жана террористтик ишти жүзөгө ашырууга көмөк берүүчү себептерди жана шарттарды айкындоо жана жоюу;

- террористтик иштин алдын алуу, аны табуу, ага бөгөт коюу жана анын кесепеттерин минималдаштыруу болуп саналат.

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-3)
