# 17-статья. Террористтик кол салуулар мүмкүн болгон объекттерди коргоо чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын иш милдеттери

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 декабря 2013 года № 225 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии терроризму""](https://aqlex.ai/kg/doc/205103)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971#diff=1174348..1174349>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 17-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-17

---

улуттук коопсуздук органы Террорго каршы борбору террористтик кол салуулар мүмкүн болгон объекттерди коргоо чөйрөсүндө төмөнкүдөй иш милдеттерин аткарат:

- террористтик коркунучтардын өзгөчөлүгү жана мүнөзү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы террористтик кол салуулар мүмкүн болгон объекттер жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана анализдөөнү жүзөгө ашырат;

- объекттердин террордон корголушунун абалын талдайт жана объекттерди террордон коргоо жаатындагы талаптарды, ченемдерди жана эрежелерди жана аларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчү каржы-экономикалык механизмдери боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- объекттерди террордон коргоону өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана аталган тармактагы аткаруу бийлик органдарынын ишин координациялайт;

- уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчигинин формасына карабастан ишканалардын жана уюмдардын террордон корголушунун абалына контролдукту жүзөгө ашырат жана алардын жетекчилеринен объекттерди террордон коргоо жагындагы белгиленген ченемдерди жана эрежелердин аткарылышын талап кылат.

(КР 2013-жылдын 27-декабрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-18)
