# 15-статья. Террористтик кол салуулар мүмкүн болгон объекттерди коргоо боюнча жалпы мамлекеттик иш-чаралар тутуму

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 декабря 2013 года № 225 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии терроризму""](https://aqlex.ai/kg/doc/205103)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971#diff=1174348..1174349>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 15-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-15

---

1. Объекттерди мүмкүн болгон террористтик кол салуулардан коргоо (объекттерди террордон коргоо) максатында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү жалпы мамлекеттик иш-чаралар тутуму жүзөгө ашырылат, анын максаты террористик актыларга карата мындай объекттердин бекемдигин камсыз кылуу жана мамлекеттик органдардын, ишканалардын жана уюмдардын террористтик актылардын кесепеттерин жоюуга даярдыгын жогорулатуу болуп саналат.

2. Объекттерди террордон коргоо боюнча жалпы мамлекеттик иш-чаралар тутуму ченемдик укуктук, уюштуруучулук, инженердик-техникалык, аскердик, атайын, күзөттүк жана башка иш-чараларды камтыйт.

Объекттерди террордон коргоо боюнча жалпы мамлекеттик иш-чаралар тутуму жашыруун сакталууга тийиш.

3. Террористтик актынын коркунучу келип чыккандыгы жөнүндө жана аны жасоого каршы аракеттенүү боюнча ушул Мыйзамдын 4-статьясында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылуучу ишти уюштуруу тууралуу калкка өз убагында маалымдоо максаттарында инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүүнү караган террористтик коркунучтун денгээлдери белгиленет. Террористтик коркунучтун денгээлдерин белгилөөнүн тартиби жана инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чаралардын мазмуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2013-жылдын 27-декабрындагы № 225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-16)
