# 13-статья. Жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен терроризмди алдын алуу чараларын жүзөгө ашыруу

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 13-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-13

---

1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери өздөрү жетектеген органдарда даярдалган материалдар террористтик ишти актоого кызмат кылбашы, ага чакырбашы, анын чыгышына шылтоо болбошу, ошондой эле диний аралык, улуттар аралык, этностор аралык, расалык кастыкты пропагандалоону камтыбоосу үчүн чара көрүүгө милдеттүү.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары жалпыга маалымдоо каражаттарынын террористтик көрүнүштөрдү профилактикалоого, ошондой эле коомдо террорго каршы аң сезимди калыптандырууга катышуусун бардык чаралар менен колдоого алууга жана түрткү берүүгө милдеттүү.

3. Терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттер жалпыга маалымдоо каражаттарына ушул Мыйзамдын 2-статьясынын жоболору сакталган шартта терроризм актыларынын даярдалыш, жүзөгө ашырылыш жана аларга бөгөт коюлуш фактылары жөнүндө объективдүү маалымат берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-14)
