# 12-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөтүү боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын милдеттери

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 12-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-12

---

1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери террористтик актыларга жана террорго каршы ишке байланышкан окуяларды чагылдырууда адамдардын жашоого жана коопсуздукка карата укугу, маалымат алуу жана аны таратуу эркиндигине карата баштапкы укук экендигин эске алууга милдеттүү.

2. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкери даярдалып жаткан террористик актылар жөнүндө маалымат алган учурда ал бул жөнүндө, терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга дароо кабарлоого милдеттүү.

3. Жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкеринин колунда, террористтик мүнөздөгү кылмыштар жөнүндө иштер боюнча сотко буюм далилдери катары кызмат өтөшү мүмкүн болгон, болбосо террористтик иштин алдын алуу, айкындоо жана бөгөт коюу үчүн пайдаланышы мүмкүн болгон маалыматтар же документ материалдар болсо, ал аларды терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-13)
