# 11-статья. Терроризм идеологияларын таратууга каршы аракеттенүү

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 11-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-11

---

1. Терроризм идеологияларын таратууга укуктук жактан баа берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырылат.

Терроризм идеологияларын таратууга:

- улуттар аралык, конфессиялар аралык жана социалдык араздаштыкты козгоо;

- террористтик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого чакыруулар;

- согушка, коомдук жана мамлекеттик ишмерлерди өлтүрүүгө, массалык тартипсиздикке жана кыйратууларга чакыруулар кирет.

2. Терроризм идеологияларын ачык жана жабык таратуу субъекттери, формалары жана тактикасы, анын ичинде маалымат чогултуу жана топтоо жүргүзүлүп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын террорго каршы борбору тарабынан иликтенет.

3. Компьютердик технологияны пайдалануу менен терроризм идеологияларын таратууну айкындоо жана бөгөт коюу терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.

4. Терроризм идеологияларын таратууну айкындоо жана бөгөт коюу боюнча иш чаралар тутумун иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Террорго каршы борбору тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-12)
