# 10-статья. Терроризмге каршы аракеттенүүдө мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүүнүн милдеттүүлүгү

- Документ: [Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1971)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 "Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.07.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 4 июля 2022 года № 55 "О противодействии терроризму"](https://aqlex.ai/kg/doc/112387)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июля 2011 года № 148 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии терроризму""](https://aqlex.ai/kg/doc/203388)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971#diff=1174346..1174347>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1891/edition/1174344/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1971/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндө, 10-статья (04.07.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-10

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандары, өздөрүнүн жарандык милдетин аткаруу менен терроризмге каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөтүшөт жана даярдалып жаткан же жасалган террористтик актылар жөнүндө өздөрүнө белгилүү болгон кабарларды терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга токтоосуз кабарлоого милдеттүү болушат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы мамлекеттик органдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, ишканалар жана уюмдар терроризм белгиси бар бардык окуялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматына же терроризмге каршы аракеттенүүнү жүргүзгөн башка мамлекеттик органдарга дароо маалымдоого милдеттүү.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынынменчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга аларга жүктөлгөн милдеттерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык көмөктөшүүгө жана зарыл болгон жардамды көрсөтүүгө милдеттүү.

(КР 2011-жылдын 26-июлундагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1971/st-11)
