# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 1-августундагы №75 "Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Аксы,Алa-Бука,Майлы-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын, Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртуү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 1-августундагы №75 "Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Аксы,Алa-Бука,Майлы-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын, Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртуү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19706>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-754/edition/362801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19706.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 1-августундагы №75 "Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Аксы,Алa-Бука,Майлы-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын, Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртуү киргизүү жөнүндө" токтому (01.08.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19706

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 1-августу №75 Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Аксы,Алa-Бука,Майлы-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын, Бишкек шаарынын Свердлов, Октябрь аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртуү киргизүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4, 7, 8, 16-белуктерунө, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө" Жобого ылайык, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук Кеңешинин 2011-жылдын 29-июлундагы №25-17/1 токтомунун негизинде, А.И.Миңбаевдин, К. Ж. Шадыбековдун, Т.Ж. Өмүрзаковдун берген арызынын негизинде жана ошондой эле 2011-жылдын 22, 23-июлунда өткөрүлгөн чүчүкулактын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй киргизилсин:

-«Бүтүн Кыргызстан»-( "Единый Кыргызстан") саясий партиясынан Миңбаев Абдырахман Исмаилович комиссиянын курамынан чыгарылсын; -«Демократическая партия Туран» саясий партиясынан Аскарали Ашимов резервден комиссиянын курамына киргизилсин; 2 Жалал-Абад облусунун Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин: -Демократическая партия Туран" саясый партиясынан Шадыбеков Казыбек Жумабекович комиссиянын курамынан чыгарылсын; -«Ата-Журт» саясий партиясынан Айткулов Таалайбек Алимурзаевич резервден комиссиясын курамына киргизилсин. 3 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: -жергиликтүү өз алдынчабашкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Боронбаев Тургуналы Жолчуевич комиссиянын курамына киргизилсин.

4.Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-«Эгемен Кыргызстан» саясий партиясынан Өмүрзаков Турусбек Жаныбекович комиссиясын курамынан чыгарылсын; -жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Пиназаров Максатбек Орозматович резервден комиссиянын курамына киргизилсин. 5 Бишкек шаарынын Свердлов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Марченко Людмила Васильевна комиссиянын курамына киргизилсин.

6 Бишкек шаарынын Октябрь аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: -жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Сатылганова Замира Абакуловна комиссиянын курамына киргизилсин. 7 Ушул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын. 8 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жанареферендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
