# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 29-июлундагы № 66 "Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 29-июлундагы № 66 "Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 29.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19697>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-745/edition/362676/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19697.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 29-июлундагы № 66 "Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (29.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19697

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 29-июлу № 66 Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4, 7, 8, 15, 16-бөлүгүнө, 22-беренесинин 2-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө" Жобого ылайык, ошондой эле 2011-жылдын 22 жана 23-июлда өткөрүлгөн чучукулактын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "Ата-Журт" саясий партиясынан Атамкулова Гүлмайрам Токтоналиевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын өкүлү Чолпонкулова Бурулбүбү Абатовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Ушул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
