# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 59 "Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 59 "Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 27.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19690>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-738/edition/362662/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19690.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 59 "Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (27.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19690

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 27-июлу № 59 Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Бектемир Жаңыбаевич Султаналиевдин берген арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 4,7,8,15-пункттарына, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана кайрадан түзүү жөнүндө" Жобого ылайык, ошондой эле 2011-жылдын 22, 23-июлундагы чүчүкулактын жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун негизинде, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "Улуу Биримдик" Улуттук-демократиялык партиясынан Султаналиев Бектемир Жаңыбаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

"Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы" саясий партиясынан Сатыбалдиев Чапрашты Жаңыбекович комиссиянын курамына резервден киргизилсин.

2.Ушул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын торагасынын орун басары А.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
