19-7-статья. Карызкор банкты реабилитациялоо планы
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
1. Карызкор банкты реабилитациялоо планы "Банкроттук (кудуретсиз-
дик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 104-статьясынын талап- тарына ылайык келүүгө тийиш.
2. Карызкор банкты реабилитациялоо планы анын жоюлушун болтурбоо
максатында карызкор банктын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө багытталган ар кандай кайра уюштуруу, уюштуруу-чарбалык, финансы-эконо- микалык, укуктук, техникалык, инвестициялык чараларды караштырышы мүмкүн, анын ичинде:
1) карызкор банк тарабынан активдердин баарынын же бир бөлүгүнүн
сакталып калышын;
2) карызкор-банктын активдеринин ар кандай бөлүгүн сатууну (ээлик-
тен ажыратууну) же бөлүштүрүүнү;
3) карызкор банкты мыйзамдарга ылайык кайра уюштурууну;
4) карызкор банк тарабынан мурда түзүлгөн келишимдердин шарттарын
кайра каралышын, пайыздык ставкаларды өзгөртүүнү кошо алганда;
5) башкарууну (менеджментти) өзгөртүүнү;
6) карызды, өтмө укук акысынын төлөнүшүн кечүү, милдеттенмелердин
жањыланышы же болбосо милдеттенмелердин аткарылышын кийинкиге калтыруу же мөөнөтүн узартуу, карыз жењилдиктери же жарандык мыйзамдарда карал- ган дагы башка ыкмалар аркылуу карызкор банктын милдеттенмелерин токто- тууну;
7) карызкор банктын милдеттенмелерин үчүнчү жактардын аткарышын;
8) иштеп жаткан карызкор банктарга карата колдонулуучу Кыргыз Рес-
публикасынын Улуттук банкынын ченемдерин 12 айдын аралыгында карызкор банктын аткарышы боюнча милдеттенмени;
9) мыйзамдарга карама-каршы келбей турган дагы башка чараларды.
3. Атайын администратор реабилитациялоо планын аткарган учурда ка-
рызкор банктын жападан-жалгыз өкүлү болуп саналат.
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1968/st-19-7" title="19-7-статья - Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>