# 19-6-статья. Карызкор банкты реабилитациялоо планын бекитүүдөн баш

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/1968)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы № 176 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 176
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1968/st-19-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1889/edition/764703/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу, 19-6-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1968/st-19-6

---

тартуу

1. Сот төмөндөгүдөй учурларда реабилитациялоо планын бекитүүдөн

баш тартат:

1) реабилитациялоо планында күрөө менен камсыз болгон айрым креди-

торлордун артыкчылыктарын же укуктары менен мыйзамдуу таламдарын кем- синткен шарттар камтылса, күрөө менен камсыз болгон кредитордун макул- дугу болгон учурларды кошпогондо;

2) реабилитациялоо планында күрөө менен камсыз болгон үчүнчү,

төртүнчү жана бешинчи кезектеги кредиторлордун артыкчылыктарын же мый- замдуу укуктары менен таламдарын кемсинткен шарттар камтылса, айрым кредиторлордун макулдугу болгон учурларды кошпогондо;

3) реабилитациялоо планында үчүнчү жактардын укуктары менен мый-

замдуу таламдарын кемсинткен шарттар камтылса, үчүнчү жактардын макул- дугу болгон учурларды кошпогондо;

4) эгерде "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамы менен белгиленген банкроттоо процессинин чыгымдарынын ор- дун толтуруунун тартиби бузулса;

5) эгерде реабилитациялоо планына коюлуучу талаптар сакталбаса же

"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жа- на ушул Мыйзам менен белгиленген реабилитациялоо планын кабыл алуунун тартиби бузулса;

6) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын дагы башка талапта-

ры бузулса.

2. Сот реабилитациялоо планын бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө анык-

тама чыгарат, ал даттанылышы мүмкүн. Сот тарабынан мындай аныктаманын чыгарылышы реабилитациялоонун жањы планынын иштелип чыгышына жана кабыл алынышына тоскоолдук кылбайт.

---

Мурунку берене: [19-5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1968/st-19-5)  
Кийинки берене: [19-7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1968/st-19-7)
