# 19-3-статья. Карызкор банкты реабилитациялоо жол-жобосун

- Документ: [Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/1968)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы № 176 "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 176
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1968/st-19-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1889/edition/764703/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу, 19-3-статья (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1968/st-19-3

---

жүргүзүүнүн шарттары

1. Ушул Мыйзамга ылайык реабилитациялоо жүргүзүү жөнүндө чечим ка-

был алынгандан кийин карызкор банк төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) өзүнүн негизги турган жерине эњ жакын региондогу республикалык

жана областтык (же жергиликтүү) газетага кулактандыруу жарыялоого. Бул кулактандыруу кеминде 10 календарлык күндүк тыныгуу менен кеминде эки жолу жарыяланууга тийиш. Кулактандырууда кредиторлордун чогулушун өткөрүүнүн убактысы, датасы, орду жана максаты көрсөтүлүүгө тийиш;

2) эњ аз эмгек акынын 100 өлчөмүндө жана андан ашык карызы бар

бардык белгилүү кредиторлорго:

а) кредиторлордун чогулушунун убактысы, датасы, орду жана максаты

жөнүндө кабарлама;

б) аларга тиешелүү сумманы көрсөтүү менен бардык белгилүү креди-

торлордун тизмесин, ошондой эле болжолдуу финансы маалыматты (мындай маалыматты берүүнүн тартиби банкроттук боюнча ченемдик укуктук актылар менен аныкталат);

в) реабилитациялоонун болжолдуу планын жиберүүгө;

3) ушул пункттун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн акыркы кулактандыруу

жарыялангандан жана жазуу жүзүндөгү материалдар жөнөтүлгөндөн кийин 14 календарлык күндөн өткөрбөй кулактандырууда көрсөтүлгөн жерде жана убакта кредиторлордун чогулушун өткөрүүгө.

2. Кредиторлордун биринчи чогулушунда карызкор банк өзү жөнүндө

толук финансы маалыматын жана реабилитациялоонун жазуу жүзүндөгү планын берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [19-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1968/st-19-2)  
Кийинки берене: [19-4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1968/st-19-4)
