# КР шайлоо жана референдум откоруу Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 21-июлундагы №42 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 21-июлундагы №42 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 42
- Кабыл алынган күнү: 21.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19673>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-721/edition/362628/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19673.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 21-июлундагы №42 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө" токтому (21.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19673

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 21-июлу №42 Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына 2011-жылдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоого Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарынан түшкөн тийиштүү документтерди карап чыгып,"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүн, 11-беренесин, "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1 -беренесин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 21-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.2011-жьлдын 30-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясында аккредитациялансын (тизме тиркелет).

2.Кыргыз Республикасынын аккредитацияланган жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Төрагасынын орун басары Г.К.Журабаевага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
