# 7-статья. Жарандардын тамекинин түтүнү жок айлана-чөйрөгө болгон укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1967)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 121 "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от последствий потребления табака, никотина и воздействия окружающего табачного дыма и аэрозоля"](https://aqlex.ai/kg/doc/112296)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июня 2017 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от вредного воздействия табака")](https://aqlex.ai/kg/doc/111615)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.06.2017 [Закон КР от 28 июня 2017 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от вредного воздействия табака")](https://aqlex.ai/kg/doc/111615); 25.12.2009 [Закон КР от 25 декабря 2009 года № 316 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от вредного воздействия табака"](https://aqlex.ai/kg/doc/202666)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1967#diff=1090211..1090212>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1888/edition/1090210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1967/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө, 7-статья (15.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-7

---

Кыргыз Республикасынын жарандары тамекинин түтүнү жок айлана-чөйрөгө укуктуу. Тамеки чегүүгө, анын ичинде кальянды пайдалануу менен, жана тамекисиз чегүүчү аралашмаларды чегүүгө толугу менен тыюу салынат:

- бардык деңгээлдеги билим берүү мекемелеринде, ведомстволук баш ийишине жана менчигинин түрүнө карабастан балдар эс ала турган мекемелерде;

- ведомстволук баш ийишине жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо мекемелеринде;

- өрт коркунучу бар жерлерде, анын ичинде машинага май куюу станцияларында;

- кинотеатрларда, театрларда, спорттук жайларда жана ареналарда, цирктерде, концерттик залдарда жана маданияттын жана спорттун башка жабык жайларында;

- китепканаларда, көргөзмө залдарда, аудиторияларда (лекциялык жайларда);

- шаардык, шаарлар аралык автобустардын, маршруттук таксилердин жана шаардык электротранспорттун салондорунда;

- сууда сүзүүчү кемелерде жана аба транспортторунда;

- лифттерде;

- калкка кызмат көрсөтүлүүчү бардык жумуш жайларында;

- турак үйлөрдүн подъезддеринде;

- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеп турган имараттарда жана жайларда.

Тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жайларды кошпогондо төмөндөгү жерлерде тамеки чегүүгө, анын ичинде кальянды пайдалануу менен, жана тамекисиз чегүүчү аралашмаларды чегүүгө тыюу салынат:

- (КР 2009-жылдын 25-декабрындагы № 316 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- автостанциялардын, автовокзалдардын, темир жол вокзалдарынын жана аэропорттордун имараттарында жана залдарында;

- жергиликтүү жана алыскы катнаштын поезддеринде;

- чегүү үчүн жайлары болбогон коомдук тамактануу жайларында.

Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык уюмдардын, ишканалардын жана коомдук жайлардын жетекчилери менчигинин түрүнө карабастан, тамеки тартуучу жайларды бөлүүгө жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык жабдууга тийиш. Тамеки тартуучу жайларды жабдууга коюлуучу талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Ушул статьянын экинчи-төртүнчү бөлүктөрүнүн жоболорун бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке кириптер кылат. (КР 2009-жылдын 25-декабрындагы № 316, 2017-жылдын 28-июнундагы № 111 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-8)
