# 4-статья. Тамекинин зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1967)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 121 "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от последствий потребления табака, никотина и воздействия окружающего табачного дыма и аэрозоля"](https://aqlex.ai/kg/doc/112296)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июня 2017 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от вредного воздействия табака")](https://aqlex.ai/kg/doc/111615)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.06.2017 [Закон КР от 28 июня 2017 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от вредного воздействия табака")](https://aqlex.ai/kg/doc/111615); 25.12.2009 [Закон КР от 25 декабря 2009 года № 316 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от вредного воздействия табака"](https://aqlex.ai/kg/doc/202666)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1967#diff=1090211..1090212>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1888/edition/1090210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1967/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө, 4-статья (15.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-4

---

Тамекинин зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери:

- тамекинин зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо жагындагы мамлекеттик саясатты жана мамлекеттик стратегияны иштеп чыгуу жана аныктоо, тамеки өндүрүү жана аны сатып өткөрүү жагынан жарандардын өмүрүнүн жана саламатчылыгынын артыкчылыктарын тандоо ишин саясий жактан жактоо;

- тамекинин жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен калктын ден соолугун коргоо түзүмдөрүн түзүүгө мүмкүнчүлүк берген салык саясатын жүргүзүү;

- тамекинин жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен жана жарандардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүгө жарандардын жана жергиликтүү шериктештиктердин активдүү катышуусу;

- тамекини керектөөнүн ден соолукка зыяндуулугу тууралу маалыматты алуу;

- тамеки тармагында иштөөнүн натыйжасында кесиптик оорууга дуушар болгон жана/же тамекинин организмге тийгизген зыяндуу таасирине байланыштуу керектеген учурда ден соолугун жоготкондо иш берүүчүлөрдүн жана/же өндүрүүчүлөрдүн эсебинен адамдарга келтирилген зыяндарды төлөтүп берүү;

- жарандардын ден соолугун сактоо жаатындагы коомдук саламаттык сактоо органдарына тамекинин жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен коргонууга көмөк көрсөтүү;

- тамеки чекпей жана тамекинин түтүнүсүз жашоо боюнча адам укуктарын коргоо жагынан натыйжалуу чараларды көрүү, ошондой эле калктын тамеки заттарын керектөөлөрүн азайтуу;

- тамекини керектөөнү чектөө боюнча натыйжалуу программаларды түзүү жагындагы эларалык кызматташтык болуп саналат.

(КР 2009-жылдын 25-декабрындагы № 316, 2017-жылдын 28-июнундагы № 111 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-5)
