4-статья. Тамекинин зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
Күчүн жоготкон · 15.09.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 сентября 2021 года № 121.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июня 2017 года № 111
Тамекинин зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери:
- тамекинин зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо жагындагы мамлекеттик саясатты жана мамлекеттик стратегияны иштеп чыгуу жана аныктоо, тамеки өндүрүү жана аны сатып өткөрүү жагынан жарандардын өмүрүнүн жана саламатчылыгынын артыкчылыктарын тандоо ишин саясий жактан жактоо;
- тамекинин жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен калктын ден соолугун коргоо түзүмдөрүн түзүүгө мүмкүнчүлүк берген салык саясатын жүргүзүү;
- тамекинин жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен жана жарандардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин чечүүгө жарандардын жана жергиликтүү шериктештиктердин активдүү катышуусу;
- тамекини керектөөнүн ден соолукка зыяндуулугу тууралу маалыматты алуу;
- тамеки тармагында иштөөнүн натыйжасында кесиптик оорууга дуушар болгон жана/же тамекинин организмге тийгизген зыяндуу таасирине байланыштуу керектеген учурда ден соолугун жоготкондо иш берүүчүлөрдүн жана/же өндүрүүчүлөрдүн эсебинен адамдарга келтирилген зыяндарды төлөтүп берүү;
- жарандардын ден соолугун сактоо жаатындагы коомдук саламаттык сактоо органдарына тамекинин жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен коргонууга көмөк көрсөтүү;
- тамеки чекпей жана тамекинин түтүнүсүз жашоо боюнча адам укуктарын коргоо жагынан натыйжалуу чараларды көрүү, ошондой эле калктын тамеки заттарын керектөөлөрүн азайтуу;
- тамекини керектөөнү чектөө боюнча натыйжалуу программаларды түзүү жагындагы эларалык кызматташтык болуп саналат.
(КР 2009-жылдын 25-декабрындагы № 316, 2017-жылдын 28-июнундагы № 111 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.09.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июня 2017 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от вредного воздействия табака")Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 декабря 2009 года № 316 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от вредного воздействия табака"Редакцияларды салыштыруу
28.06.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…артыкчылыктарын тандоо ишин саясий жактан жактоо;
- тамекинин кошулду: жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен калктын ден соолугун коргоо түзүмдөрүн түзүүгө мүмкүнчүлүк берген салык саясатын жүргүзүү;
- тамекинин кошулду: жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен жана жарандардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү … сактоо жаатындагы коомдук саламаттык сактоо органдарына тамекинин кошулду: жана аны керектөөнүн зыяндуу таасиринен коргонууга көмөк көрсөтүү;
- тамеки чекпей жана … кызматташтык болуп саналат.
(КР 2009-жылдын 25-декабрындагы № алынып салынды: 316 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 316, 2017-жылдын 28-июнундагы № 111 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1967/st-4" title="4-статья - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>