# 2-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1967)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 121 "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от последствий потребления табака, никотина и воздействия окружающего табачного дыма и аэрозоля"](https://aqlex.ai/kg/doc/112296)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июня 2017 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от вредного воздействия табака")](https://aqlex.ai/kg/doc/111615)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1967#diff=1090211..1090212>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1888/edition/1090210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1967/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө, 2-статья (15.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-2

---

Түтүнсүз тамеки заттары - никотиндүү медициналык препараттарды кошпогондо, жыттоо, соруу, чайноо же башка жол менен организмге кирүүчү тамеки заттары; кальян - ичке тартуучу түтүндү чыпкалоого жана муздатууга өбөлгө түзүүчү тамеки жана башка тамекисиз чегүүчү аралашмаларды чегүү үчүн прибор; тамекиге каршы күрөшүү - тамеки заттарын керектөөдөн тарткан зыянды, ошондой эле тамекинин түтүнүнүн таасирин жок кылуу же азайтуу аркылуу калктын ден соолугун жакшыртууга багытталган жөнөтүү, суроо-талап жана зыянды азайтуу жагындагы стратегиялардын кеңири чөйрөсү; ингредиент - өндүрүү процессинде тамекиге кошулуучу ар кандай зат жана тамеки продукциясынын тамеки эмес компоненттери; медициналык эскертүү - тамеки заттарын жана тамекинин түтүнүн керектөөнүн адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасирлери жөнүндөгү, тамеки чегүүнү токтотуунун артыкчылыктары жана токтотуу ыкмалары тууралу, ошондой эле дагы башка тиешелүү маалымат; ал ушул Мыйзамда аныкталгандай, тамеки заттарынын пачкаларына таңгактарына же дагы башка жерлерге жайгаштырылат; тамекисиз чегүүчү аралашмалар - никотин камтылбаган, чегүү үчүн арналган атайын аралашмалар; насвай - үчүнчү сорттогу тамеки жалбырагына күл, акиташ, жыттуу заттар кошулуп даярдалган түтүнсүз тамеки заты; мыйзамсыз соода - мындай ишкердикке мүмкүнчүлүк түзүү максаты бар ар кандай ишти же жүрүм-турумду камтыган өндүрүүгө, жөнөтүүгө, алууга, ээ болууга, бөлүштүрүүгө, сатууга же сатып алууга карата мамилеси бар мыйзам тарабынан тыюу салынган ар кандай иштин же жүрүм-турумдун түрү; пачка - белгилүү сандагы тамеки заты салынган жана ар кандай чийме же текстик маалыматы бар керектөө идишинин бирдиги; тамеки заттарын керектөө - чегүү, тамекинин түтүнүн мурундан чыгаруу, тамекинин жалбырагын чайноо; пассивдүү чегүү - чекпеген адамдын тамекинин абадагы зыяндуу түтүнүн ичине тартуусу; жарнактоо жана тамеки менен тамеки заттарын сатууну колдоо - тамеки заттарынын сатылышына, түз же кыйыр түрдө колдонулушуна түрткү берүүгө же өбөлгө түзүү ыктымалына арналган коммерциялык маалыматты, сунуштоону берүүнүн ар кандай түрү же аракеттер; тамекиге жана тамеки заттарына демөөрчүлүк - тамеки заттарынын сатылышына же тамекинин түздөн-түз же кыйыр колдонулушуна жетишүүгө түрткү берүүнү көздөп, ар кандай окуяга, иш-чарага же айрым адамга кошкон салымдын ар кандай түрү; тамеки тартуучу жай - тамеки тартууга тыюу салынган башка бөлмө же жайлардан бөлүнгөн полу, дубалдары (полдон шыпка чейин), шыбы жана эшиктери абаны сыртка чыгаруучу желдетүү системасы менен жабдылган жабык коомдук жайлардагы тамеки чегүү үчүн гана бөлүнгөн жай; тамеки (№icotia№a) - тамеки заттарын жасаганга пайдаланылуучу итжүзүм өсүмдүктөрүнүн түрүнө кирүүчү никотиндүү бир жана көп жылдык өсүмдүк; тамеки чегүү - тамеки заттарынын күйүшүнө алып келүүчү, анын натыйжасында чылымчы ичине тартуучу жана сыртка чыгаруучу, ошондой эле абага таркоочу тамеки түтүнүн пайда кылган кыймыл; тамекинин түтүнү - тамеки заттарынын күйүшүнөн улам абада болуучу продуктулар; кальян үчүн тамеки - кальянды жана ингредиенттерди кошуу менен же кошпостон, кесилген же бөлүнгөн аралашмадан турган чийки затты пайдалануу менен чегүү үчүн арналган чегүүчү тамеки затынын түрү. тамеки заттары - чегүү, соруу, чайноо же жыттоо үчүн толугу менен же жарым - жартылай тамеки жалбырагынан жасалган заттар (чыпкалуу сигареттер, чыпкасыз сигареттер, папиростор, сигарлар, сигариллалар, трубкага салчу тамеки, чеге турган тамекилер, махорка-ирик тамекилер жана насвай); тамеки өнөр жайы - тамекини ферментациялоо, тамеки заттарын жасоо, аларды бөлүштүрүү менен алектенген ишкана; таңгактоо - пачкалардын белгилүү санынан турган жана ар кандай чийме же текстик маалыматы бар керектөө идишинин топтук бирдиги. (КР 2017-жылдын 28-июнундагы № 111 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-3)
