# 15-статья. Тамеки заттарын сатууга түрткү берүү, тамеки жана тамеки заттарына демөөрчүлүк кылуу жана жарнактоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1967)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 121 "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от последствий потребления табака, никотина и воздействия окружающего табачного дыма и аэрозоля"](https://aqlex.ai/kg/doc/112296)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 декабря 2009 года № 316 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от вредного воздействия табака"](https://aqlex.ai/kg/doc/202666)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1967#diff=1090210..1090211>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1888/edition/1090210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1967/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө, 15-статья (15.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-15

---

Калктын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жана тамеки заттарын керектөөнү жөнгө салуу максатында төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

- тамеки заттарын калк арасында акысыз таркатууга;

- купондорду, талондорду чыгаруу жана башкалардын кийлигишүүсү менен бааны түшүрүүнү колдонууга;

- тамеки заттарын сатуу көлөмүн көбөйтүү максатында маданий-массалык иш чараларды, ачык акцияларды жана сынактарды уюштурууга;

- маданий-массалык иш чараларды өткөрүүдө байге түрүндө тамеки заттарын пайдаланууга;

- маданий-спорттук, ден соолукту чыңдоо иш-чараларына жергиликтүү, чет өлкөлүк да тамеки компанияларынын демөөрчүлүгүнө;

- жергиликтүү жана чет өлкөлүк тамеки фирмаларынын же биргелешкен ишканалардын тамеки тартууну пропагандалаган маданий-спорттук, ден соолукту чыңдоо иш-чараларын, кандайдыр бир конкурстарды, дискотекаларды өткөрүүгө;

- тамеки заттары түрүндө азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды даярдоого жана сатууга;

- соода-сатык автоматтары аркылуу тамеки заттарын сатууга жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында иштетүүгө;

- Кыргыз Республикасынын аймагында тамекини жана тамеки заттарын түз жана кыйыр түрдө жарнактоого.

Тамеки продукцияларын жарнактоого тамеки заттарын саткан жерлерде гана уруксат берилет. Жарнак материалынын өлчөмү 2000 кв. сантиметрден чоң болбоого тийиш. Дүкөндүн ичиндеги ар бир жарнак материалы бардык учурларда медициналык эскертүү менен коштолууга жана жарнак аянтынын кеминде 40 пайызын ээлөөгө тийиш. (КР 2009-жылдын 25-декабрындагы № 316 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-16)
