# 12-статья. Тамеки заттарын сатууга чектөөлөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1967)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 121 "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от последствий потребления табака, никотина и воздействия окружающего табачного дыма и аэрозоля"](https://aqlex.ai/kg/doc/112296)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 декабря 2009 года № 316 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от вредного воздействия табака"](https://aqlex.ai/kg/doc/202666)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1967#diff=1090210..1090211>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1888/edition/1090210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1967/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө, 12-статья (15.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-12

---

Кыргыз Республикасынын аймагында тамеки заттарын сатууга тыюу салынат:

- он сегиз жашка толо элек балдарга;

- он сегиз жашка толо элек балдар тарабынан;

- саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин имараттарында, спорт залдарында жана курулмаларында, стадиондордо жана аларга 100 метрге жакын радиуста жайгашкан жерлерде жана дүкөндөрдө;

- Кыргыз Республикасында белгиленген талаптарга алар ылайык келбеген учурларда;

- аларда жол берилген ченемдердин чегинен ашыкча уулуу заттар болгон учурларда;

- пачкада (таңгагында) ушул Мыйзамдын 11-статьясынын талаптарына ылайык келген медициналык эскертүү болбогондо;

- пачкаларда жана таңгагында "чайыры аз", "жеңил", "өтө жеңил", "ультра жеңил", "жумшак" деген жазуулар болгондо же анын мүнөздөмөлөрү жана ден соолукка таасирлери жөнүндө түз же кыйыр түрдө жалган пикир түзгөндө, ошондой эле кайсы бир тамеки заты башка бир тамеки заттарынан түз же кыйыр айырмаланганда;

- 20 даанадан кем сигарети бар пачкаларга же аларды дааналап сатууга.

Кыргыз Республикасында акциз маркалары жок тамеки заттарын жасоого, импорттоого жана сатууга тыюу салынат. (КР 2009-жылдын 25-декабрындагы № 316 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-13)
