# 11-статья. Тамеки заттарын таңгактоого жана маркировкалоого карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1967)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 21-августундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 21.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.09.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 15 сентября 2021 года № 121 "О защите здоровья граждан Кыргызской Республики от последствий потребления табака, никотина и воздействия окружающего табачного дыма и аэрозоля"](https://aqlex.ai/kg/doc/112296)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1888/edition/1090210/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1967/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө, 11-статья (15.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-11

---

Тамеки заттарын мыйзамсыз сатуунун бардык түрлөрүн жоюу максатында, анын ичинде контрабанданы, мыйзамсыз жана жасалма жасоону кошкондо, ички рыноктогу чекене жана дүңүнөн сатууга арналган тамеки заттарынын ар бир пачкасында жана тангагында тамеки заттарын даярдаган өлкө көрсөтүлүп, "Кыргыз Республикасында сатууга уруксат берилет" деген жазуу болууга тийиш. Тамеки заттарынын ар бир пачкасында жана таңгагында мамлекеттик жана расмий тилдердеги тамеки тартуунун зыяндуулугу жөнүндөгү жазуулар, сүрөттөр жана/же пиктограмма түрүндөгү медициналык эскертүүлөр пачкалардын жана таңгактардын алдыңкы жана арткы жактарынын негизги аянтынын кеминде 40 пайызын ээлөөгө тийиш. Медициналык эскертүүнүн тексти төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:

- ачык жана даана болууга;

- арасын ачпастан, ортосуна түптүз кылып тегиздеп, пачканын үстү жагына параллел кылып пачканын жана таңгактын төмөнкү регистрине ак фонго кара жоон тамгалар менен Helvetica деген жазуу басылат, ал соода маркасынан жана пачкадагы калган сүрөттөрдөн 3 миллиметр калыңдыктагы кара рамка менен бөлүнүп турууга тийиш. Эскертүүнүн ченемин аныктаганда рамканын ченеми эске алынбайт;

- пачканы (таңгакты) ачканда айрып албас үчүн жазуусу өйдө жайгаштырылууга;

- жашырып койбогудай, көрүнбөй калчудай, жеңил өчүрүлчүдөй, башка жазуулар же сүрөттөр басып салчудай болууга тийиш эмес.

Тамеки заттарын керектөө калктын ден соолугуна зыяндуулугу тууралу эскертүүнүн, сүрөттүн жана/же пиктограмманын текстинин мазмуну Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилет жана үч жылдан өткөрбөй бир жолу алмаштырылат.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1967/st-12)
