Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.Э.Осмоновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 19-июлу № 33 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.Э.Осмоновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн документтерди: К.Э.Осмоновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө 2011-жылдын 19-июлундагы сунуштамасын; Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.Э.Осмоновдун ыйгарым укуктуу өкүлү болууга макулдугу жөнүндө Т.Т.Казаковдун, Н.К.Касымовдун, А.О.Касымовдун жана К.Ж.Загибаевдин арызын карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.Э.Осмоновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
- финансы маселелери боюнча - Касымов Нурадил Камбаралиевич, 1979-жылы туулган, "Кыргызтелеком" ААКнын директорлор Кеңешинин мүчөсү;
- шайлоо боюнча - Казаков Тугелбай Токтогулович, 1951-жылы туулган, КТРКнын башкы редактору;
- шайлоо боюнча - Касымов Али Османович, 1939-жылы туулган, Свердлов районунун адвокатурасынын адвокаты;
- шайлоо боюнча - Загибаев Кайрат Жунисханович, 1958-жылы туулган, "Бишкек-Пекин" юридикалык компаниясынын адвокаты.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.Э.Осмоновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө каттоо күбөлүктөрү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тапшырган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О выборах Президента Республики КыргызстанЗакон · 31.08.1991 · № 566 · Күчүн жоготкон