# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 16-августундагы №169 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 16-августундагы №169 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1966>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1887/edition/1219846/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1966.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 16-августундагы №169 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде ссуда алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү ссудаларын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө" Мыйзамы (07.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1966

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2006-жылдын 16-августу № 169

Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде зайым алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү зайымдарын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө

(КР 2011-жылдын 7-июлундагы № 80, 2022-жылдын 7-декабрындагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1966/st-1)

Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен узак мөөнөттүү жеңилдетилген зайымдарды (мындан ары - зайым) алган адамдарга зайымды кайтарып берүүдө жеңилдиктер берилет. (КР 2022-жылдын 7-декабрындагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1966/st-2)

Зайым алуучу зайымды кайтарып бергенде зайымдын көлөмү 1,25ке барабар коэффициент өлчөмүнө пропорциялуу төмөндөтүлөт. Компенсациянын өлчөмү ушул Мыйзамдын тиркемесиндеги усулга ылайык эсептелинет. (КР 2022-жылдын 7-декабрындагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1966/st-3)

Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд менен зайым алуучунун ортосундагы 2002-жылдан тартып жана андан кийин пайда болгон мамилелерге жайылтылат. (КР 2022-жылдын 7-декабрындагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1966/st-4)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. (КР 2022-жылдын 7-декабрындагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1966/st-5)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2006-жылдын 15-сентябрында № 68 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев

2006-жылдын 30-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

"Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жайгашкан калктуу конуштарда жашаган, табигый мүнөздөгү кырсыктардын натыйжасында жабыр тарткан, 2002-жылдан тартып жана андан кийинки мезгилде зайым алышкан адамдарга алган жеңилдетилген узак мөөнөттүү зайымдарын кайтарып берүүсүнө жеңилдиктер берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

Тиркеме

(КР 2022-жылдын 7-декабрындагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Акча каражаттарын республикалык бюджеттин эсебинен компенсациялоону эсептөөнүн усулу: С1 - бийик тоолуу аймактын жашоочусуна берилген узак мөөнөттүү жеңилдетилген зайымдын көлөмү; РК - бийик тоолуулук үчүн айлык акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча коэффициенттин орточо өлчөмү (коэффициенттин өлчөмү 1,25 =); С2 - ушул Мыйзамдын ченемдерине ылайык зайым алуучу бардык жылдар үчүн кайтарып берүүчү зайымдык акча каражаттарынын коэффициенти чыгарылып салынган көлөмү; СЗ - республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жоюлуучу зайымдын жалпы көлөмү; С4 - республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен бир жылга компенсациялануучу зайымдын көлөмү.

С2 = С1/РК СЗ = С1-С2 С4 = СЗ/12
