# Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топту түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топту түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19656>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-704/edition/341351/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19656.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топту түзүү жөнүндө" токтому (14.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19656

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-июлу № 25 Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топту түзүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 28-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежелерин сактоого контролдук кылуу боюнча Жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

- Ашимов Н.А.- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси;

- Асаналиев А.Т. - Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

- Стамалиева Т.Т. - маалымат-аналитикалык бөлүмдүн башчысы;

- Абдыбекова Ж.М. - юридикалык бөлүмдүн башчысы;

- Сыдыкова Э.М. - маалымат-аналитикалык бөлүмдүн чакырылган адиси.

2. Жумушчу топ 2011-жылдын 20-июлуна чейин "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежелерин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топ жөнүндө" Жобону иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кароосуна жана бекитүү үчүн киргизсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Төрагасынын орун басары Г.К.Журабаевага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
